7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Келтирилген чыгым 7 млн сомдон ашуун. Эрмек Нургазиев СИЗО-1ге камакка алынды

870

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эрмек Нургазиев СИЗО-1ге камакка алынганын Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нургазиев тергөө аяктаганга чейин камакта болот. Ал 2019-жылы июль айынын башында райондук милицияга турак жай курулуш кооперативдеринин биринин төрагасы болуп туруп, мурда сатылган батирлерин кайра сатып жибергени үчүн Нургазиевге карата чара көрүү боюнча арыз түшкөн.

Ушул жылдын 18-мартында аталган фактыга шектелип Эрмек Нургазиев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын үстүнөн жамааттык арыздан тышкары 7 арыз түшүп, келтирилген жалпы чыгым 7 миллион 845 миң 692 сомду түзгөн.

Эскерте кетсек, Нургазиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп 2021-жылы февраль айында дайындалып, бир күндөн кийин кызматтан кеткен.

Кармалган жарандан жабыр тарткандар болсо милицияга (0312 43 01 27 же 102) кабар берип коюуну Чүй ОИИББ билдирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

871