7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кемин шаарында Калкты тейлөө борбору пайдаланууга берилди

460

Калкты тейлөө борборунун ачылышына Жогорку Кеңештин Транспорт коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин төрагасы Мурадил Сыдыков, Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев баштаган жетекчилер катышты.

Жаңы имараттын жалпы аянты 1168 чарчы метр. Анын ичинен 600 чарчы метри Калкты тейлөө борборуна берилген. Кардарларды тейлөөгө бардык ыңгайлуу шарттар каралган. Маалымат берүү терезесинен тартып, балалуу энелерге ыңгайлаштырылган бөлмөлөргө чейин эске алынган. Тейлөө негизинен электрондук тартипте жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек өткөн жылы эле элдин талабы, Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Саккараевдин сунушу менен Жогорку Кеңештин Транспорт коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети келип кабар алып, Калкты тейлөө борборунун курулушун тездетүү боюнча тапшырма берип кетишкен. 

Заманбап, жарык, таза, бардык ыңгайлуу шарттары бар имараттын ачылышына катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Мурадил Сыдыков жалпы эле кеминдиктерди куттуктап, шаардын мэриясына, Санарип министрлигине ыраазычылык билдирди.

Мекемени тааныштыруу учурунда мурдагыдай тыгылышып, кезек күтүп, ар кайсы архивдин эшигинде жүрбөй бардык зарыл-керек документтерин ушул эле имараттын ичинен бүтүрүп алышса болору айтылды. Ал турсун башка жактан келгендер да өзүнө керектүү маалыматты алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнү белгиленди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

461