Чүйдүн Кемин районунда 17 баш бээ уурдагандар Казакстандан кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдирди.
Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын октябрь айында Т.Н. аттуу жаран милиция кайрылган. Анда ал Боролдой айылындагы Коңур жайытында 17 баш бээси белгисиз жагдайда уурдалганын билдирген. Андан тышкары 2-ноябрда Бишкек шаарынын 1973-жылы туулган тургуну милицияга арызданып, ал Боролдой айылындагы Кара-Баткак жайытында 22 бээси, 15 тайы жоголуп кеткенин билдирген.
Бул фактылар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурулук) менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө ушул жылы Казакстандан билдирүү түшүп, милиция кызматкерлери коңшу өлкөгө жөнөп кетишкен. Алар Жамбыл районунун полиция кызматкерлери менен биргеликте бээлерди уурдаган жарандар 1952-жылы туулган Б.К., 1996-жылы туулган Б.Б., 1987-жылы туулган У.Э. жана 1978-жылы туулган А.Е. аттуу жарандар экенин аныкташты. Аталган жарандар бээлерди сатып жибергендиги такталды.
Ыкчам териштирүү иштеринин натыйжасында 6 баш бээ табылды.
Учурда коңшу республиканын полиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.