7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминде аялдын сөлөкөтү түшүрүлгөн таш айкели табылды 

180

Алтай мамлекеттик университетинин Алтай жана түркология боюнча «Чоң Алтай» илимий-билим берүү борборунун археологдору Кеминдеги Боромбай коктусунун жанынан алгачкы түрк дооруна таандык таш айкелин табышты.

Маалыматка ылайык, айкелде үч мүйүздүү баш кийим кийген, оң колунда чөйчөгү бар аялдын элеси түшүрүлгөн. Аталган табылга АлтМУнун «Чоң Алтай» алтаистика жана түркология илимий-билим берүү борбору жана Жусуп Баласагын атындагы КУУ тарабынан уюштурулган Чүй кыргыз-орус археологиялык экспедициясынын жүрүшүндө табылган.

Изилдөө иштери Чүй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Октябрь айылына жакын жайгашкан Боромбай коктусунун жанындагы археологиялык эстеликтер комплексинде жүргүзүлгөн.

«Жалпысынан Боромбай-I эстелигинде 41 объект катталган. Тилекке каршы, көптөгөн дөбөлөр тонолуп, объектилердин бир бөлүгү трасса куруу учурунда талкаланган, ошондой эле аймакта көп убакыт бою талаа иштери жүргүзүлгөн», — дейт экспедициянын жетекчиси Алексей Тишкин.

181