7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминде жаңы төрөт үйү курулуп, дарыгерлер үчүн жатакана даярдалууда

16

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Кемин районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун инфраструктурасы жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Министр 50 орундуу, төрт кабаттуу жаңы төрөт үйүнүн курулушун көрдү. Учурда имараттын үчүнчү кабаты көтөрүлүп, монолиттик иштер жүрүүдө. Жаңы мекеме заманбап операциялык блоктор, төрөт залдары жана ымыркайлардын патологиясы бөлүмү менен камсыз болот.

Кадр тартыштыгын чечүү максатында мурдагы жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты 8 батирлүү жатаканага айландырылууда. Кемин районунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган долбоордун баасы 18 млн сомду түзөт.

Министр JICA аркылуу алынган заманбап жабдуулар менен жабдылган лабораторияны көрүп чыкты. Бардык изилдөөлөр санариптештирилип, жыйынтыктар автоматтык түрдө Sanarip clinic системасындагы бейтаптын электрондук картасына түшөт.

Борбордун реанимация жана рентген кабинеттери жаңы санариптик аппараттар, анын ичинде өпкөнү жасалма желдетүүчү жабдыктар менен камсыздалган.

Дамир Осмонов ошондой эле эски төрөт үйүнүн имаратын кошумча изилдөөнү жана аны капиталдык оңдоодон өткөрүүнүн максатка ылайыктуулугун аныктоону тапшырды. Борбордун жетекчилиги менен болгон жолугушууда негизги көйгөй катары кадр жетишсиздиги айтылып, аны чечүү үчүн социалдык шарттарды жакшыртуу иши улантыла турганы белгиленди.

17