7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминде жыл аягына чейин 100 МВт күн электр станциясы ишке берилет

275

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кемин районунда кубаттуулугу 100 МВт күн электр станциясын куруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.

Энергетика министрлиги билдиргендей, «Этернал Энергия» ЖЧКсынын директору Ма Вэньцзюн долбоордун учурдагы абалы жөнүндө кеңири маалымат берип, курулуш бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүп жаткандыгын жана объект ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилээрин белгиледи.

Анын айтымында, учурда негизги жабдууларды алып келүү иштери аяктап, көмөкчордондун курулушу уланып, 220 кВ электр чубалгыларынын пайдубалын куюп, күн батареяларын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Энергетика министри курулушту өз убагында бүтүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, иштин сапатына жана жүрүшүнө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

 

276