7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кербен аэропортун ушул жылы ишке киргизүү тапшырылды

1285

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы бир катар инфраструктуралык объектилерди кыдырды. Ал Аксы районундагы Ак-Терек каналындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Объекттин курулушун аяктоо 2026-жылга белгиленген. Акылбек Жапаров долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү тапшырды.

Андан соң төрага Кербен шаарындагы 9 чакырымга созулган айланма жолдун курулушу менен таанышты. Бул жолдун курулушу жыйынтыкталса, жарандар  жана оор жүк ташуучу унаалардын каттоосу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Курулуштун жалпы сметалык наркы 178 миллион сомду түзөт. Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Кербен аэропортунун абалы менен таанышты. Аба майданын көрүп чыгып, бул объектти үстүбүздөгү жылы ишке киргизүү боюнча иштерди кайрадан жандандырууну тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1286