7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Керемет Банктын” кылмыш иши токтотулду

686

“Керемет Банк” ААКнын активдерин чыгарып кетүү фактысы боюнча кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мурда маалымдалгандай, алдамчылык фактысы боюнча катталган кылмыш ишин тергөө учурунда 97,45% акциясы мамлекетке таандык болгон «Керемет Банк» ААКнын активдерин өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюу менен ири кредиттерди берүү аркылуу мыйзамсыз жагдайлары аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган банктын жооптуу кызматкерлери тарабынан «Риола» ЖЧКсына 2,3 миллион доллар өлчөмүндө кредиттин берилишине макулдук берилип, аны колдоо максатында банкка баасы жогорулатып коюлган мүлк берилгени аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул келишимде “Карвен Групп” холдингинин ээси Г.Балян күрөөнү мыйзамдуу сатуучу катары чыгып, “Керемет Банк” ААКнын мурдагы жетекчилигинин демилгеси менен иш алып барганы аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, бул келишимде “Карвен Групп” холдингинин негиздөөчүсү Г. Балян үчүнчү жак статусуна ээ болгонуна карабастан, «Керемет Банк» ААКсы жана көйгөйлүү болгон карыз алуучу «Риола» ЖЧКсы менен жарандык-укуктук келишим түзүү жолу менен мурда ага таандык болгон, банкта күрөөдө турган кыймылсыз мүлктү сатып алып, ошону менен «Риола» ЖЧКсынын жалпы суммасы 148 млн. сом болгон карызын толугу менен төлөп берген.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен кылмыштын курамы жок болгондуктан кылмыш иши токтотулду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

687