7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Киевде 2 кыргызстандык таксист башкы дарыгерди өлтүрүүгө шектелип кармалышты

1555

Украинанын Ровно облусунда жергиликтүү санаториянын 50 жаштагы башкы дарыгери Ярослав Сивыйды өлтүрүүгө шектелип эки кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Киев шаардык прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2021-жылдын 20-декабрында кечкурун  Киевдин борборунда болгон.

Маркум көчөдө турган 34 жаштагы таксистке кайрылып, мейманканага жеткирип коюуусун өтүнгөн. Айдоочунун жанында дагы бир жаран болгон. Алар жолдо бара жатышып жүргүнчүнүн капчыгы калың экенин баамдашып, өлтүрүүнү көздөшкөн. 43 жаштагы айдоочунун шериги арткы орундукка отуруп, бутылка менен жүргүнчүнү бир нече ирет жолу чаап, ээсин оодарган. Андан соң алар жабырлануучунун банктык картасын, телефонун, сумкасын жана акчаларын тартып алып, Киев облусундагы Бучанск районуна алып барышып колу-бутун таңып, токойго таштап кетип калышкан.

Маркумду издөө анын туугандарынан келип түшкөн арыздан кийин башталган. Тергөөчүлөр дайынсыз жоголгон башкы дарыгерди издеп жаткан учурда, кимдир бирөөлөр анын картасынан акча чыгарып алышканын аныкташкан. Святошинск башкармалыгынын күч түзүмдөрү ыкчам-иликтөө иш-аракеттерин башташып, тез арада акча чыгарып алган жарандардын өздүгү аныкталган. Алар Кыргызстандан барган мигранттар экени белгилүү болгон.

Тергөөдө шектүүлөрдүн бири кылмышты мойнуна алып, сөөктү кайсыл жака ташташканын айтып берген. Анын көргөзмөсү менен маркумдун сөөгү табылып, алган жараатынан улам көз жумганы белгилүү болгон. Учурда тергөө уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1556