7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ӨКМ: 6-октябрда болгон жер титирөөдөн жалпы 13 имарат жабыркады

182

6-октябрда Кыргызстандын аймагында катталган жер титирөөдөн 6 турак үй, 4 мектеп, 1 бала бакча жана 2 ФАПтын имараты жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Чаткал районунун Башкы-Терек айылында 1 мектеп, 1 бала бакча, 1 ФАП, 3 турак үй, Коргон-Сай айылында 2 турак үй, Курулуш айылында 1 турак үй жана Чакмак-Суу айылында 1 ФАПтын имаратынын дубалында майда жаракалар пайда болгон.

Ал эми Талас облусунун Айтматов районунда жер титирөөнүн кесепетинен Шекер айылында 1 мектеп жана Манас районунун Семетей айылында 1 мектеп (интернат), Жайылган айылында 1 мектептин имаратынын дубалынан майда жаракалар аныкталган.

Жалпы 6 турак үй, 4 мектеп, 1 балдар бакча, 2 ФАПтын имараты жабыркаган.

Жеринде жарандык коргонуу кызматтары ӨКМдин Жарандык коргонуу бөлүмүнүн адистери менен биргеликте иш алып барууда.

Белгилей кетсек, 6-октябрда КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, түнкү саат 02:29да Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

183