Өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз-ара аракеттешүүнүн жаңы деңгээлине өтүүсү керек. Бул туурасында Премьер-министри Улукбек Марипов жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча жолугушууда билдирди.
«11-апрелде жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо менен катар өлкөнүн тарыхындагы негизги окуя – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоору боюнча референдум өтөт. Жаңы долбоор жактырылган учурда иштеп жаткан ченемдик-укуктук актыларга элдин кызыкчылыгына багытталган көптөгөн өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл болот. Алардын бири катары сиздер аркылуу иштелип жаткан Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө кодекс болушу мүмкүн. Ал өзүнө бардык милдеттерди камтып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ал боюнча иш алып барышы керек», — деди Улукбек Марипов.
Өкмөт башчы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү карап чыгуу зарылдыгын белгиледи
«Бүгүн биз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинен көп нерселер көзкаранды болгон өнүгүү этабында турабыз. Муну эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кесипкөй квалификациялуу кадрларга муктаж. Жаш адистерди тартуу, иштеп жаткан муниципалдык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу керек. Муниципалдык кызматкерлерди, шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын жана жергиликтүү кеңештеги депутаттарды окутуу тутуму өркүндөтүүгө муктаж экендиги айкын. Алардын сабаттуулук деңгээлинен өлкөнүн 452 айыл аймагында жана 32 шаарындагы жашоо ыкчам жана сапаттуу өнүгөөрү көзкаранды. Өз кезегинде Өкмөт аталган пландарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон колдоо көрсөтөт», — деди Премьер-министр.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы долбоорунда жазылган өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү маселесин иликтөө боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.