7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КМШ миссиясы: Шайлоого эл аралык байкоочулар өз баасын бере баштады

694

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого эл аралык байкоочулар өз баасын бере баштады.

Маалыматка ылайык, КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасы, аткаруучу катчы Сергей Лебедев шайлоо Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык өткөнүн белгиледи.

Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын добуштардын алда ала жыйынтыгын көрсөткөн сервериндеги мүчүлүштүктөргө токтолуп, добуштарды ачык-айкын эсептөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөөрүнө ишеним билдирди.

«КМШнын байкоочулар миссиясынын техникалык мүчүлүштүктөрдү көзөмөлдөө мумкүнчүлүгү жок, бирок биз бийлик аны иретке келтирип, добуштарды ачык-айкын эсептөө үчүн бардык зарыл иштерди жасайт деп ишенебиз. Биз Кыргызстанда туруктуулук болуп, анын гүлдөп өнүгүүсүнө кызыкдарбыз», — деди Лебедев.

Белгилей кетсек, БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова техникалык мүчүлүштүк болгонун, бирок ал добуш саноого зыян кылбаганын айтууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

695