7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россия 2024-жылы КМШга төрагалык кылат

841

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө өлкө башчыларынын кийинки жыйыны 2024-жылы октябрда Москвада өтөт. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан КМШ өлкө башчыларынын кеңейтилген курамдагы жыйынында Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.

Анын айтымында, адеп санариптештирүү, энергетика, өнөр жай кооперациясы, экология жана башка тармактарда экономикалык кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө көңүл буруу пландаштырылууда.

«Биринчи кезекте биздин мамлекеттердин жарандарынын жашоосун жакшыртууга багытталган негизги маселелерди чечүү керек. Ал үчүн экономикалык, укук коргоо, маданий-гуманитардык багыт боюнча иш-чаралардын планы жана концепциясы даярдалды», — деген Путин.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

842