7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коңшу өлкөгө 10 тонна күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз экспорттогондор кармалды

492

Коңшу өлкөгө күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз экспорттогондор кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 27-февралында КР УКМК мамлекеттик чек–араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, КР УКМК чек-ара кызматы менен биргеликте күйүүчү-майлоочу майларды Кыргызстандан коңшу республикалардын бирине мыйзамсыз экспорттоо каналынын ишине бөгөт коюлду.


Такталгандай, жалпы салмагы 10 тоннага жакын күйүүчү-майлоочу майга тиешелүү документтери жок Кыргыз Республикасынын жараны Ж.Ш. аттуу күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусу Лейлек районунун Ак-Арык айылы аркылуу коңшу республикалардын бирине бара жаткан.


УКМК мыйзамсыз иш-аракеттерди документтештирүү жана бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

493