Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан айыл аймагында ири өлчөмдөгү каржылык мыйзам бузуулар аныкталды.
Финансы министрлигинин ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, 2025-жылы аталган айыл аймактын мурдагы башчысы А.Б.К. мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» жана «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдардын талаптарын бузган.
Натыйжада мамлекеттик бюджетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилгендиги аныкталды.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, 2026-жылдын 31-мартында шектүү А.Б.К. кармалды. Ал Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



