7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кочкордо жанын кыйган мугалим. Жакындары анын өлүмүнө мектеп жетекчилигин күнөөлөп жатышат

2949

Кочкордо асынып каза болгон мугалимдин жакындары анын өлүмүнө мектеп жетекчилигин күнөөлөп жатышат. Бул тууралуу «Турмуш» жазып чыкты.

  • 11-мартта Кочкордо 54 жаштагы аялдын жансыз денеси асынган абалда кампадан табылган. Кийинчерээк анын мугалим экендиги маалым болгон.

Маркумдун жолдошу Калмурат Кашкелеңов жубайынын акыркы күндөрүн айтып берген. Анын айтымында, мугалимди прокуратурага 4-мартта чакырышкан. Ал жакка экөө чогуу барган. Чыгып эле диплом текшерип жатышканын айткан. 9-март күнү аны майрамы менен куттуктоо үчүн үйүнө мектептеги агайлар барышкан. Маркумдун күйөөсү алардын «Эмнеге минттиңиз? Бизди эмнеге басынтышат?» деп сүйлөшкөнүн угуп калган. Эмнеге минтип айтып жатышканын сураганда, мугалим мектептен кетүүгө арыз жазганын айткан. Алар кеткенден кийин эле идиш жууп жатканда телефон чалуу болгон. Директор чалганын айтып, сүйлөшкөн соң, эшикке чыгып кеткен. Бир аздан соң эле мектептеги эжейлер үйүнө келген. Күйөөсү аялын издеп сарайга барып, асынган жансыз денесин тапкан. Күйөөсүнүн айтымында, окуя мектеп директору менен сүйлөшкөндөн 5 мүнөттөн кийин эле болгон.

«Жумуш орун керек болуп, жубайымды прокуратурадагы тааныштарына чалдыртып, суракка чакыртып жатып, өлүмгө жеткиришти. Мыйзам чегинде сот жообуна тартылышын сурайм»,- деген маркумдун жолдошу.

СҮРӨТ «ТУРМУШ» БАСЫЛМАСЫНАН АЛЫНДЫ

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2950