7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кочкордун Мантыш айылында жаңы спорт зал пайдаланууга берилди

1963

Кочкор районунун Мантыш айылындагы Таалайбек Курткаев атындагы орто мектептин жаңы курулган спорт залы ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аталган райондун администрациясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ачылышка Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Таалайбек Курткаев атындагы кайрымдуулук фондунун төрайымы Майрам Байтерекова, Кочкор районунун акими Курбанбек Камчыев жана райондун тургундары катышты.

Спорт залга жалпысынан 10 миллион 647 миң сом каражат сарпталган. Ага Таалайбек Курткаев атындагы кайрымдуулук фонд демөөрчүлү кылган. Курулуш иштери өткөн жылдын март айында башталып, ноябрь айында толугу менен салынып бүткөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1964