7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Колонияларда тартылган тасмаларды алып чыгып саткан жаран издөөгө алынды

787

Колониядагы кыйноолор тууралуу видеолорду сыртка алып чыгып саткан Сергей Севельев эл аралык издөөгө алынды. Бул тууралуу Саратов облустук ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сергей Савельев «Компьютердик маалыматка мыйзамсыз кирүү» кылмыш беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылат. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, ал бул кылмышты өзү абакта отурганда жасаган. Азыр Савельев чет өлкөдө жашырынып жүрөт, Орусияда ага федералдык издөө жарыяланып, сыртынан камакка алынды.

Буга чейин Сергей Севельев укук коргоо органдарына 40 гигабайт видеожаздырууларды өткөрүп бергени маалымдалган. Ал видеолордон Саратов облусундагы абактагы кургак учук ооруканасында камалгандарга көрсөтүлгөн кыйноолор, басынтуулар жана зордуктоо фактыларын байкоого болот.

Бул тууралуу видеону “Gulagu.net” укук коргоо долбоору жарыялаган. Долбоордун негиздөөчүсү Владимир Осечкин ,уюм Орусиядагы Федералдык Жаза аткаруу кызматтарынан 1000ден ашык видеолорду алганын тастыктап, аларды этап-этабы менен жарыялаарын айткан. Анда бир гана Саратов облсусу эмес, бир нече облусунан алынган тасмалар бар.

Видеолор жарыялангандан кийин Тергөө комитети сексуалдык зомбулук жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча жети кылмыш ишин козгогон. Саратов түрмөсүнүн ооруканасынын башчысы жана Федералдык Жаза аткаруу кызматынын аймактык башкармалыгынын дагы үч кызматкери кызматтан алынды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

788