7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Контрабандалык жүктөрдү ташып жүргөн ири каналга бөгөт коюлду

643

Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагындагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы аркылуу жергиликтүү тургундар тарабынан контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташуу боюнча түзүлгөн ири каналга бөгөт коюлду.

УКМКдан билдиришкендей, Кыргызстан-Өзбекстанга мыйзамсыз ташып келүүгө/экспорттоого багытталган 93 441 460 млн сомдук контрабандалык товарлардын ири партиясы (телевизорлор — 4378 даана, уюлдук телефондор — 3162 даана, дөңгөлөктөр — 265 даана, жез — 2,5 тонна ж.б.) табылып алынды.

2023-жылдын 18-майында Кадамжай райондук сотунун чечими менен кылмыш иши боюнча айыпталуучуларга тиешелүү болгон 93 441 460 сомдук товарлар мамлекеттин пайдасына алынды. Ал эми кызмат адамына пара берүү боюнча бир катар жарандар күнөөлүү деп табылып, мамлекеттин эсебине 1 550 000 сом төлөө айып тагылды. Акцизсиз тамекилерди сатуу боюнча КР мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 8 804 220 сом өлчөмүндө айып салынды.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик өзүнүн ички буйруктары боюнча конфискацияланган товарларды мамлекеттик ишканаларга өткөрүп берет.

 

 

 

 

 

 

 

644