7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев: «Садыр Жапаров өзүнүн күчтүү стратег экендигин көрсөттү»

430

Коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев: «Садыр Жапаров өзүнүн күчтүү стратег экендигин көрсөттү»

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол долбоорунун мааниси абдан зор. Мен аны стратегиялык темир жол деп айтар элем. Анткени, биздин Кыргызстан Азия менен Европанын тогошкон жеринде турат. Бирок, ачык деңизге чыгуубуз жок болгондуктан, бир топ ыңгайлуу трафиктен кур жалак калып келебиз. Натыйжада авто жана аба жолдорун колдонууга аргасызбыз. Ошондуктан ары-бери ташыган жүктөрүбүз өтө эле кымбатка түшөт. Аталган долбоордун расмий ачылышы мына бүгүн болду. Кытай, Өбекстан жана биз үлүштүк каржыларыбызды ортого салып ишти баштадык. Президент Садыр Жапаров бул жерде өзүнүн күчтүү стратег экендигин көрсөттү. Бул темир жол бизди ачык деңизге чыгарат. Батыш менен Чыгыштын кан тамыры пайда болот. Бир эле жүк жана товарлар ташылбастан, жүргүнчүлөрдү комфорттук шарттарда дагы тейлөө мүмкүнчүлүгү ачылат. Казакстан менен Россияга көз каранды болгон жаныбызга, буюрса, ачык транспорттук корридор пайда болгону турат. Мындан сырткары, ушул эле темир жолдун жака-белдеринде ыңгайлуу инфраструктуралар иштей баштайт. Кен- байлыктарыбызды арзан ташый баштайбыз. Натыйжада, экономикабыз көтөрүлөт. Биз бул долбоордон пайда гана көрөбүз!

 

431