Бүгүн, 3-февралга карата коронавирус 243 адамдан аныкталып, төрт бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, бир суткада 617 адам илдеттен сакайып чыкты.
- Бишкек шаарында – 124,
 - Ош шаарында – 5,
 - Чүй облусунда – 56,
 - Ош облусунда – 5,
 - Талас облусунда – 4,
 - Нарын облусунда – 8,
 - Ысык-Көл облусунда – 27,
 - Жалал-Абад облусунда – 4,
 - Баткен облусунда – 10 адамдан илдет табылган.
 
Пандемия башталгандан бери 198 миң 962 адам коронавирус жуктуруп, 2 миң 893 адам каза болду.



