Казакстанда жол тыгында калган жарандарды куткарууга кыргыз куткаруучулары жөнөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча 14-декабрь күнү, Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунда жааган кардын кесепетинен Алма-Ата –Ташкент (чакырымы такталууда) унаа жолунда кар күрткү пайда болуп, унаа жолу жабылган. 112 кызматынан келген маалымат боюнча, Алга айылы менен Кордай айылынын ортосунда 100-150дөй унаа жүргүнчүлөрү менен Кыргызстан тарапка өтө албай калган.
«Жерине Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаменти тарабынан 99 куткаруучу жана 37 оор техника тартылган. Жол тыгында калып калган жарандарды чыгарууга көмөктөшүү максатында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министирлиги тарабынан 28 куткаруучу, 5 оор техника, 1 Ниссан Пикап, 2 кар унаасы (снегоход) жана керектелүүчү шаймандар менен саат 03:05те Ак-Жол чек ара постуна чыгып, саат 08:15те Казакстандын аймагына киришти»,- деп берилет маалыматта.
Мындан сырткары Кыргызстан менен Казакстандын республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборлорунун сүйлөшүүлөрүнүн негизинде, жеринде ыктыярчыларга (волонтерлорго) 5 унаа менен тоосколдуксуз айланма каттам уюштурулуп, жарандарды коопсуз жайга эвакуациялоо жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.