7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кордайда калып калган 16 жаран мекенине алып келинди

429

Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районуна кар күрткүдө калган жарандарды куткаруу максатында барган кыргызстандык куткаруучулар Кордай –Шу унаа жолунан чыгып кеткен унааларды сүйрөп чыгарууда.

Маалым болгондой бүгүн ӨКМдин куткаруучулары карт күрткүдө калган Кыргыз Республикасынын 16 жаранын мекенине алып келишти. Алар үчүн Ак-Жол өткөрмө постунда жылынуучу пункт ачылып, тамак-аш берилди. Ондон ашыгын чек арадан өтөрү менен туугандары тосуп алып кетишсе, 3 жаран ӨКМдин унаасы менен Бишкек шаарына жеткирилди.

Мындан сырткары кыргыз куткаруучулары Кордай— Отор унаа жолунан Кордай ашуусунда карга тыгылып калган 3 оор жүк ташуучу жана 1 жеңил унааны сүйрөп чыгарышкан.

Учурда кыргыз куткаруучулары Кордай районунун Сарыбулак айылында түнөп калышты. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, 14-декабрда Казакстандын Жамбыл облусунун Кордой районунда жааган кардын кесепетинен Алматы–Ташкент жолунда кар күрткү пайда болуп, автоунаа жолу жабылган. Мындан улам Жамбыл облусунун Кордой жана Чу райондорунда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.

430