Өлкөдө 29-ноябрга карата коронавирус дагы 37 адамдан аныкталып, 64 адам илдеттен сакайып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, эмдөө албагандар арасында эки бейтап каза болду.
Жуктуруп алгандар:
- Бишкек шаарында – 19,
 - Талас облусунда – 1,
 - Ысык-Көл облусунда – 6,
 - Жалал-Абад облусунда – 3,
 - Баткен облусунда – 8 адамдан илдет жаңы табылган.
 
Пандемия башталгандан бери 183 миң 258 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 112 киши айыгып чыкса, 2 миң 743 адам каза болду.



