7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коронавирустан каза тапкандардын 65 пайызы жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркагандар болгон

607

Коронавирустан каза тапкандардын 65 пайызы жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркагандар. Бул тууралуу Ыкчам штабдан билдиришти.

Кыргызстанда 2021-жылы COVID-19ду жуктуруунун 103 миң 592 учуру катталган. 1446 адам каза таап, алардын жарымында коронавирус лабораториялык түрдө, калгандарында клиникалык-эпидемиологиялык негизде, башка айтканда белгилери жана илдетти жугузгандар менен байланышта болушу боюнча аныкталган.

«Саламаттыкты сактоо министрлигинин талдоосуна ылайык, республика боюнча адам өлүмүнүн жалпы көрсөткүчтөрүнөн жогору болгон адам өлүмүнүн эң жогорку деңгээли 60тан өйдө жана 90 жаштан жогору курактагы улгайган адамдар арасында катталган. Адам өлүмүнүн эң төмөнкү көрсөткүчү 0-6 жаштагы балдар арасында белгиленген. Бирок 7-17 жаш курагындагыларга салыштырмалуу COVID-19ду жуктуруунун натыйжасында жаңы төрөлгөн ымыркайлар жана эмчектеги балдар арасында өлүм учурлары расмий түрдө катталган. Өлүмгө алып келген учурлардын көпчүлүгү 60-69 жаштагы эркектер арасында катталган. Адам өлүмү, ошондой эле коронавирусту жуктуруу учурлары көбүнесе Бишкекте катталган. Борбор калаада 2021-жылы бул илдеттен 868 адам көз жумган. Бирок 100 миң адамга алып эсептегенде адам өлүмүнүн жогорку көрсөткүчү Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында белгиленип, республикалык көрсөткүчтөн 1,75; 1,5 жана 1,2 эсе ашык болгон»,- деп айтылат маалыматта.

Коронавирус инфекциясынан каза болгондордун арасында эң көп кездешкен үч өнөкөт оору:

  • Жүрөк-кан тамыр оорулары (каза болгондордун 65%)
  • Боор оорулары (20%)
  • Кант диабети (15%)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

608