7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коронавирустун гибриддик штаммы аныкталды

659

Европа жана АКШда коронавирустун дельта жана омикрондун мутациясын айкалыштырган варианты (гибрид) аныкталды. Бул тууралуу Ыкчам штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, жаңы варианттын генетикалык ырааттуулугу Францияда бейтаптан январда алынган үлгүдөн GISAID эл аралык маалымат базасында февралда аныкталган. Андан соң жаңы вариант вирустук геномдордун чечмелөөсүндө дээрлик элүү жолу (Дания, Германия, Нидерланды жана АКШда) кездешкен. Жаңы вариант январдан кеч эмес пайда болгон, бирок эч бир жерде оорунун кескин өсүшүнө алып келген эмес жана өтө эле сейрек кездешет.

«Дельтакрондун түзүлүшү боюнча ал клеткаларга кирген ийнечелери бар белок – дээрлик омикрондон, ал эми калганы — дельтадан. Мүмкүн, антителолор үчүн ал омикрон сыяктуу көрүнөт, ошондуктан ооруп айыккандар жана эмдөө алгандар дагы эле коргоого ээ болушу керек. Мындан тышкары, ийнечелери бар белоктун өзгөчөлүктөрүнөн улам жаңы вариант омикрон сыяктуу COVID-19дун татаалдашууларына салыштымалуу сейрек алып келет»,- деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

660