7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Коррупциялык схеманы уюштурган бажы кызматкери кармалды

966

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери акча каражаттарын өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы “Автомобильный” Түндүк-Чыгыш бажысынын бажылык тариздөө жери боюнча улук инспектору, майор Ж.у.М. кармалган.

Жогорудагы кызматкер “Автомобильный” бажылык тариздөө жеринде мыйзамсыз баюу максатында, аталган бажылык тариздөө жери аркылуу өткөн жеке ишкерлерден акча каражаттарын өндүрүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

967