7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КР Эл артисти Абдыкалык Акматов акыркы сапарга узатылды

3
Бүгүн, 26-мартта Бишкекте КР Эл артисти, көрүнүктүү театр жана кино актёру Абдыкалык Акматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.
Белгилүү болгондой, коштошуу аземи Кыргыз улуттук академиялык драма театры имаратында уюштурулуп, ага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү, кесиптештери, достору жана жакындары катышты.
Министр Мирбек Мамбеталиев сөз сүйлөп, маркумдун кыргыз маданиятына кошкон зор салымын өзгөчө белгиледи. Андан соң президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев мамлекет башчысынын атынан көңүл айтты.
Белгилүү болгондой, Абдыкалык Акматов 25-мартта 71 жаш курагында оорудан улам дүйнөдөн кайткан. Ал 1955-жылы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ак-Булак айылында туулган. Эмгек жолун 1975-жылы Ош облустук С. Ибраимов атындагы драма театрында жарык берүүчү болуп баштап, 1978-жылы Москва шаарындагы Бүткүл союздук кинематография институтунун актердук факультетин аяктап, киноактёр адистигине ээ болгон.
Чыгармачылык жолунда ал өмүрүн толугу менен театр жана кино искусствосуна арнады. Кыргызфильм, Мосфильм жана башка эл аралык студиялар менен кызматташып, “Ак илбирстин тукуму”, “Кайчылаш жолдор”, “Кербез”, “Көчмөндөр”, “Чынгызхандын ак булуту” сыяктуу тасмаларда терең мазмундуу образдарды жараткан. Театр сахнасында да “Манастын уулу Семетей”, “Коркут ата”, “Томирис” сыяктуу спектаклдерде роль аткарган.
Актёр Б. Кыдыкеева атындагы жаштар театрында, М. Жангазиев атындагы куурчак театрында жана Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры сахнасында ондогон ролдорду жараткан. Акыркы мезгилде “Манас” улуттук театрында эмгектенип, жаш муунга өз тажрыйбасын бөлүшүп келген.
Көп жылдык эмгеги үчүн ал Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, “Эмгек сиңирген артист” жана “Эл артисти” наамдарына, ошондой эле бир катар республикалык жана эл аралык сыйлыктарга татыган.
4