7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КР Эл жазуучусу Самсак Станалиев акка моюн сунду

502
Бүгүн, 12-июнда Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Самсак Станалиев узакка созулган оорудан улам каза болду.
Самсак Станалиев (1950-жылы 11-сентябрда туулган) — Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (2020), акын, романист, адабиятчы, сынчы, публицист, котормочу.
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Кетмен-Төбө өрөөнүндө, азыркы Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Жазы-Кечүү айылында 1950-жылы 11-сентябрда туулган.
1977-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн.
Эмгек жолун 1966-жылы Кара-Көл шаарындагы «Нарынгидроэнергокурулуш» башкармасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1968-жылы Токтогул райондук камсыздоо бөлүмүндө улук эсепчи болуп иштеген.
1969–1971-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, 1971–1972-жж. Токтогул райондук «Учкун» гезитинде адабий кызматкер, 1977-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин мамлекеттик телекөрсөтүү жана радиоуктуруу комитетинин жаштар редакциясында редактор, 1978–1980-жж. «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы, улук кабарчы, бөлүм башчы, 1986-жылга чейин «Мектеп» басмасынын балдар жана жаштар адабияты редакциясында редактор, 1986-жылдан «Кыргызстан маданияты» гезитинин адабий сын бөлүмүнүн башчысы, баяндамачы болуп иштеген.
2000–2001-жж. Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгына арналган «Кыргызстан» энциклопедиясын чыгарууга редактор катары катышкан. 2001-жылдан баштап «Кыргыз Туусу» гезитинде баяндамачы болуп иштеген. 2005–2011-жж. «Адабий Ала-Тоо» гезитинин башкы редактору, ал эми 2019–2021-жж. ай сайын чыкчу «Ала-Тоо» адабий журналынын башкы редактору болгон.
С.Станалиевдин поэтикалык жана прозалык 12 китептин автору. «Сүйүнчү»(1982), “Кыймыл” (1986), “Ылдамдык”(1990) деген ыр китептери жарык көргөн. Айрым чыгармалары орус, украин, казак тилдерине которулуп жарыяланган. Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романын, “Манастын бала чагы” эпос-жомокту, В.Ф.Одоевскийдин, О.Н.Тихомировдун ж.б. китептерин кыргыз тилине которгон. Жазма адабиятыбыздын жаралыш, калыптаныш мезгилине байланыштуу, ошондой эле С.Карачев, К.Тыныстанов, Ж.Бөкөнбаев, Ж.Турусбеков, Т.Сыдыкбеков ж.б. өмүр жолу чыгармачылыгын, учурдагы адабий турмушту изилдеген 250дөн ашуун адабий, илимий жана сын макалалардын автору.
«Токтогул району» (2005), «Бул эмне, ал ким?» (1987, 2004) аталыштагы балдар энциклопедиясынын жергиликтүү материалдарынын авторлорунун бири. 1989-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жазуучу Самсак Станалиев “Ак нурунан аккан жаш”(2004), Токтогулдун махабаты (2004), “Акзыйнат” (2004), “Атайдын күйдүмчогу” (2004), “Жүрөктөгү ыр”(2004), “Раймалы”(Э.Отунчиев менен бирге) (2005), “Залкарлар сүйгөн сулуулар” (2007) китебинде Токтогул, Атай, Мухтар Ауэзов, Аалы Токомбаев, Жоомарт өңдүү залкар таланттардын тагдыр-турмушу оозеки жана жазма маалыматтардын негизинде көркөм баяндаган.
Самсак Станалиев кыргыз адабиятында тарыхый-биографиялык романдары менен өзгөчө орун ээлеген жазуучу. Ал 37 жашында кандуу жазалоонун курмандыгына айланган тилчи аалым, коомдук ишмер Касым Тыныстановдун (1901-1938) өмүр жолу баяндалган “Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы” (2001) романын жазган. Бул роман орто мектепредин 9,10,11-класстарында кыргыз адабияты сабагынын программасына жана жогорку окуу жайлардын окуу программасына киргизилген. Ошондой эле кыргыз жазма адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири Жоомарт Бөкөнбаевдин өмүрү жана чыгармачылык тагдырына кайрылган «Жылдын эң узак күнү» (2007) романын, улуу жазуучу Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган «Ак жарыктын айыкпаган сыныгы» (2018) роман-трилогиясын жазган.
Жазуучунун «Чагылгандын көз жашы» жана «Акжарыктын айыкпаган сыныгы» романдары окурмандардын суроо-талабы менен бир нече жолу басылып чыккан.
2022-жылдын 26-сентябрында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын демөөрчүлүгү менен Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы маданий борбору Бурса шаарында Түрк тил коому тарабынан «Тил, идея жана иш биримдик» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Түрк мамлекеттеринин уюму менен биргеликте түрк дүйнөсүнүн орток маданий баалуулуктарын баса белгилөө максатында Кыргызстандан келген Самсак СТАНАЛИЕВдин “Адабий (роман) сыйлыктары” алкагындагы “Чагылгандын көз жашы”. Анын «Касым Тыныстанов» аттуу эмгеги сыйлыкка татыктуу деп табылды. Бул эмгек 2023-жылы Түрк тилдер бирикмесинин өтүнүчү менен Кыргызстан Түркия Манас университетинин адабият факультетинин окутуучусу-автор Мухиттин Гүмүш тарабынан түрк тилине которулган. Чыгарма аз убакыттын ичинде жарыкка чыгаары маалым болду.
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Самсак Станалиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына, калемдештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!
503