7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кумшекер 70 сом, май 130 сомдон сатылат. Ошто социалдык дүкөндөрдү ачуу пландалууда

815

Ошто социалдык дүкөндөрдү ачуу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бүгүн базар жана маркеттердеги негизги азык-түлүктүн баасы менен таанышуу учурунда билдирди.

“Президент Садыр Жапаровдун токтомуна ылайык, Ошко матрезервдин запастарынан кумшекер жана күн карама майы жөнөтүлөт. Кумшекердин килограммы 70 сом, майдын литри 130 сомдон сатылат. Бул багытта ири соода түйүндөрүнүн өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Башкы милдет – калкка негизги азык-түлүк товарларын белгиленген баалар боюнча сатып алууга мүмкүндүк берүү. Биринчи кезекте шаардагы муниципалдык башкармалыктардагы аз камсыз болгон жана социалдык жактан аярлуу жарандар үчүн шарттар түзүлөт. Бул белгиленген баалардын соода түйүндөрүндө сакталышын Ош шаарынын мэриясы көзөмөлдөйт. Ошондой эле белгилеп кетүүчү жагдай, Ош шаарында 8 социалдык дүкөн ачуу пландалууда. Бул боюнча иштер жүрүп жатат. Дүкөн эки бөлүккө бөлүнөт. Бири эт сатса, экинчиси эң керектүү азыктарды сүт, күн карама майы, кумшекер сатат. Дүкөндүн негизги өзгөчөлүгү эттин баасы базар баасынан 10-15% төмөн болушу керектиги эске алынып, фермерлер менен түз келишим түзүлөт. Ушундай эле келишимдер башка айыл чарба өндүрүшчүлөрү менен да түзүлөт, бул учурдун талабы”, — деп баса белгиледи Алмаз Мамбетов.

Мэр Ош шаарындагы ири соода түйүндөрүнүн бирине барып, күн карама майы, кумшекер, ундун баасы менен таанышты. Ошону менен катар борбордук базардагы азык-түлүктөрдүн баалары текшерилди. Калаа башчы азык-түлүктөр жетиштүү көлөмдө экенин белгиледи.

“Тамак-аш жетиштүү өлчөмдө бар. Ири соода жайынын бириндеги баалар да базарга салыштырмалуу төмөн кармалып турат. Бул жерде кумшекердин килограммы учурда 83 сомдон сатылууда. Айрым ишкерлер тарабынан жасалма түрдө пайда болгон ызы-чуулардын алдын алуу максатында күн карама майын, кумшекерди сатып алууга чектөөлөр киргизилип жатат”, — деди мэр.

Мэр менен бирге монополияга каршы күрөшүү кызматы, тиешелүү тармактардын өкүлдөрү кыдырып чыкты. Бул багытта тушүндүрүү жана кошумча чараларды көрүү иштери улантылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

816