7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кумшекер менен өсүмдүк майы бардык аймактарга кезек-кезеги менен жөнөтүлүүдө

762

16-марттан тарта кампадан бөлүнгөн кумшекер жана өсүмдүк майы оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, жер-жерлерге жөнөтүлүп жатканы тууралуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусуна караштуу Борбордук кампасынын жетекчиси Бактыбек Тайкашкаев билдирди.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун Борбордук кампасынан азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу максатында 1 миллион килограмм кумшекер жана 500 миң литр өсүмдүк майы бөлүндү.

“Өлкөнүн түндүк, түштүк региондоруна фонддун Борбордук кампасынан өсүмдүк майын жана кумшекерди таратуу иштери жүрүп жатат. Учурда Бишкек шаарына жана Жалал-Абад облусуна азыктар атайын жүк ташуучу унаалары менен жөнөтүлдү. Бул продуктылар республиканын бардык аймактарына кезек-кезеги менен жөнөтүлөт”, — деди Бактыбек Тайкашкаев.

Анын айтымында, ӨКМ тарабынан республиканын аймактарына жөнөтүлгөн кумшекер жана өсүмдүк майын жер-жерлердеги жергиликтүү администрация жетекчилери соода түйүндөрүн аныктап, тийиштүү иш-чараларды жүргүзөт.

Белгилей кетсек, мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун Борбордук кампасында азыктардын кору жетиштүү көлөмдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

763