7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кумшекер менен өсүмдүк майын сатып алууга 318,4 миллион сом бөлүндү

849

Экономика жана финансы министрлиги кумшекер менен өсүмдүк майын сатып алууга 318,4 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, быйылкы жылдын бюджетинде Мамлекеттик материалдык резервдер фонду үчүн 290,3 миллион сом, анын ичинде 220 миллиону азык-түлүк программасы боюнча каралган.

“Интервенция жана базар бааларын турукташтыруу үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун алдында кумшекер менен өсүмдүк майынын запасын көбөйтүү милдети турат. Бул үчүн кошумча 318,4 миллион сом бөлүнүүдө”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстан өсүмдүк майы менен өзүн 17 гана пайыз, ал эми кумшекер менен 56 пайыз камсыздай алат. Буга чейин Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда бул товарлардын кымбаттап жатышына өндүрүүчү өлкөлөрдө баалардын көтөрүлүшү себеп болгонун айткан.

Кыргыз өкмөтү бул азыктарды сыртка чыгарууга тыюу салган. Ошондой эле аларды чет жактан сатып алып, ички рынокто арзан баада сатууга ниеттенип жатканы айтылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

850