7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кумтөр» Каркырага 332 миң көчөт отургузду

396

Президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген жалпы республикалык «Жашыл мурас» бак тигүү өнөктүгүн «Кумтөр Голд Компани» быйыл дагы кызуу колдоого алды.

Өнөктүктүн алкагында, Кумтөрдүн колдоосу менен Каркыра жайлоосуна, Түп токой чарбасынын аймагындагы 300 гектар жерге ар кандай түрдөгү карагайдын, ак кайыңдын көчөттөрү отургузулду. Буга чейин компания кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын бир канча жеринде миңдеген көчөттөр тигилген.

Кошумчалай кетсек, айлана чөйрөгө кам көрүү – “Кумтөр Голд Компанинин” экологиялык саясатынын эң маанилүү бөлүгү.

Бул багытта 2022-жылы август айында Токмок шаарында дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү заводу ачылып, Жети-Өгүздүн Саруу айылында желим заттарды кайра иштетүүчү цехке колдоо көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, жакынкы келечекте Кумтөр кен жайындагы калдык сактоочу жайды кайра иштетүү пландалууда. Ошондой эле кен жайда желим баштыктарды колдонууга толугу менен тыю салынды.

397