7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кумтөр» жетекчилиги жаңы долбоор боюнча жасалып жаткан иштер менен таанышты (ВИДЕО)

230

“Кумтөр” жабык акционердик коомунун Мүдүрлөр кеңеши, Башкармалыктын мүчөлөрү жана “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” жетекчилиги Тоголок, Жангарт долбоорлорунун алкагында жасалып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышып келишти.

Жумушчу сапардын алкагында, Ак-Шыйрактагы өткөөл пунктун курулушу, Тоголок алтын кенине баруучу жолдордун жана Кайчы дарыясында салынып жаткан көпүрөнүн абалын көрүштү. Ошондой эле алтын ылгоочу фабрика, жумушчулар лагери салына турган аймакта жүрүп жаткан инженердик изилдөө иштеринен да кабар алышты.

«Тоголок, Жангарт долбоорунда иштер мындан ары да активдүү уланат. Негизги жумуштар башталып, керектүү техникалар четинен алынып жатат. Кызматкерлерибизге татыктуу шарт түзүүгө аракет кылуудабыз. Жетекчилик тарабынан коюлган баардык милдеттерди өз убагында жана так аткарышыбыз керек” — дейт Башкармалыктын мүчөсү Бакытбек Майлиев.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

231