7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курманбек Ниязбеков Жалал-Абад облустук театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

332

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун буйругунун негизинде Курманбек Ниязбеков, 21-январда Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды.

Ал буга чейин Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониянын көркөм жетекчиси кызматын аркалап келген.

Ошондой эле театр тармагындагы эмгек жолунда А. Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын актёру, А. Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык-драма театрынын көркөм жетекчиси, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын режиссёр-коюучусу сыяктуу жолдорду басып өткөн.

Билими боюнча, Курманбек Ниязбеков Т. Абдумомунов атындагы КУАДТнын актёрдук окуу жайын бүтүргөн. Устаты КР эл артисти Замир Сооронбаев. Андан кийин билимин жогорулатып, Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун режиссура бөлүмүн аяктаган. Устаты КР эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров.

333