7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Курултайда 1000дей милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоодо

522

Бишкекте экинчи Элдик Курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан, аймактардан жана Бишкек шаарынан келген делегаттар катышууда.

Курултайга катышкан делегаттардын кайрылууларын, арыздарын ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, ИИМдин Башкы штабынын башчысы Бактыбек Кенжегулов жана ИИМдин Катчылыгынын башчысы Абдиш Коомбаев кабыл алышууда.

Кеңири өткөрүлүп жаткан иш-чаранын жүрүшүн жана жол кыймылынын коопсуздугун 1000ден ашык ички иштер органдарынын кызматкерлери камсыз кылып, көзөмөлдү министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов жүргүзүүдө. Курултайдын жүрүшүндө республиканын бардык жеринен келген делегаттар элдин коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ролу чоң экенин белгилешти.

ИИМдин жетекчилиги арыз менен кайрылган ар бир делегаттын маселелерин карап чыгып, тиешелүү чаралар көрүлө тургандыгын билдирди.

523