Кыргызстан боюнча 24-мартка карата аба ырайынын божомолу. Кыргызгидромет билдиргендей, түн ичинде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында айрым жерлерде жаан-чачын катуу болот.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачынсыз болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнү
түн ичинде +5…+10°
күндүз +13…+18°
Суусамыр өрөөнү
түн ичинде -5…-10°
күндүз 0…-5°
Талас өрөөнү
түн ичинде +3…+8°
күндүз +12…+17°
Баткен облусу
түн ичинде +5…+10°
күндүз +17…+22°
Ош, Жалал-Абад облустары
түн ичинде +6…+11°
күндүз +18…+23°
Ысык-Көл облусу
түн ичинде -1…+4°
күндүз +8…+13°
Нарын облусу
түн ичинде -3…+2°
күндүз +5…+10°
Бийик тоолуу аймактар
түн ичинде -12…-17°
күндүз 0…-5°
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн абанын минималдуу температурасы +7…+9°, күндүз максималдуу температура +15…+17° болот.



