7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Куурулган картошка депрессияга алып келеби?

886

Окумуштуулар психикалык ден соолукка кайсы тамак-аш зыян тийгизээрин аныкташты. Баарыбыз билгендей эле жеп жаткан тамак-ашыбыз сырткы келбетибизге гана эмес, физикалык абалыбызга да таасирин тийгизет. Бирок, кимдир бирөө тамактануу психикалык абалыбызга кандай таасирин тийгизмек эле деп ойлошу мүмкүн. Көрсө, биз байкабаганыбыз менен чоң таасирин тийгизет экен. Ошондуктан диетаны пландаштырууда акылдуулук менен мамиле кылуу керек.

Алгач, депрессия жөнүндө бир аз түшүнүп алыңыз. Бул жөн эле чарчоо же меланхолия эмес. Бир гана квалификациялуу адистин жардамы менен күрөшө турчу оору болуп саналат. Кээде бейтапка дары-дармек терапиясы дайындалышы мүмкүн. Бирок, биз өзүбүздү ушундай дарттан алдын ала коргой алабыз. Көрсө туура эмес тамактануубуз дагы бул абалга алып

Ал эми, диета биздин психикалык ден соолугубузга түздөн-түз байланыштуу. Кээ бир тамактар ​​эмоционалдык абалга чындап зыян келтириши толук мүмкүн. Мисалы, айрымдары картошка фрини жакшы көрүшөт. Ал крахмалдуу, майлуу жана ага туз көп кошулаарын билет белеңиз? Мунун баары биздин ден соолугубузга, анын ичинде психикалык ден соолугубузга чоң зыянын келтирет.

Кытайдын окумуштуулары куурулган тамактарды, өзгөчө куурулган картошканы көп колдонуу тынчсыздануу коркунучун 12% га жогорулатаарын аныкташкан. Бул өзгөчө жаштар арасында байкалат. Окумуштуулар бул боюнча илимий изилдөө да өткөрүшкөн. Изилдөөгө 140 миңден ашык адам катышып, 11 жыл байкоо салышкан. Алар алгачкы эки жылда депрессияга чалдыккан катышуучуларды топтон чыгарып салгандан кийин, эсептөө көрсөткөндөй: куурулган тамактарды жегендер тобунда 8294 тынчсыздануу жана 12735 депрессия учуру катталган.

Дагы бир факты куурулган картошка куурулган тооктун этине караганда депрессиянын пайда болуу коркунучун 2% га жогорулатат. Жалпылап айтканда куурулган тамактар ашыкча салмактуулукка алып келээрин эстен чыгарбоо керек.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

887