7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кувейттин башчысы Садыр Жапаровду өз өлкөсүнө чакырды

257


Кечээ, 23-февралда президент Садыр Жапаров Кувейт Мамлекетинин Эмири Шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Джабер Аль Сабах менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу мамлекет башчысынын аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.


Маалыматка ылайык, сүйлөшүүдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкууланды.


Атап айтканда, мамлекет башчылары жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өлкөлөрдүн ортосундагы туруктуу авиакаттамдарды жандандыруу, ошондой эле эки тарапты кызыктырган долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.


«Жапаров Аль-Сабахты келе жаткан Кувейттин улуттук майрамы менен куттуктап, 2020-жылы пандемия учурунда Кувейттин кайрымдуулук уюмдары тарабынан Кыргызстан элине көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде Шейх Наваф Аль-Ахмад Аль-Джабер Аль Сабах дагы Садыр Жапаровду Кыргызстандын Президентинин расмий инаугурациясы менен куттуктап, өлкө башчыны иш сапары менен Кувейтке келүүгө чакырды», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

258