7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айсулуунун өлүмүнө себепкерлер: Кылмышкерди актаган үч сот камакка алынды (ВИДЕО)

114

Буга чейин, Ички иштер министрлиги 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны зордуктап, мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген өзгөчө коркунучтуу кылмышкер 1984-жылы туулган К.А. кармалгандыгы жөнүндө кабарлаган.

Бул кайгылуу окуя 2025-жылдын күз айларында бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөңгө салды. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында кылмышкер кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө анын бул кылмыш менен эле чектелбестен, көптөгөн кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган. К.А. өзүнүн кылмыштарында бир нече жаш кыздардын курмандыгы бар экендигин мойнуна алып, алардын жансыз денелерин Бишкектин сыртындагы ээн жерлерге катып жүргөн.

Ошондой эле иликтөө учурунда кылмыштардын чынжыры 2015-жылы эле токтотулушу мүмкүн экендиги белгилүү болду. Ал жылы К.А. 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, анын күнөөсү толугу менен далилденген. Октябрь райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, 2016-жылы Бишкек шаардык сотунун судьялары — С.Б., Ж.М. жана К.А., ошондой эле прокурор Д.М. жана жактоочу С.Ж. ортомчулугу менен КРнын ЖПКсынын нормаларын бузуп, жаза мөөнөтүн жеңилдетишкен. Натыйжада, кылмышкер 3 жылдан кийин боштондукка чыгып, кандуу аракетин уланткан.

2025-жылдын күз айларында К.А. жана анын жакын туугандары жасаган оор кылмышы үчүн тийиштүү жазадан тартылуудан кутулууга мүмкүндүк берген коррупциялык схеманын бардык жагдайларын толук ачып, кеңири маалымат беришкен. Топтолгон материалдардын негизинде жактоочу кармалып, ага карата бөгөт коюу чарасы камакка алуу түрү тандалып алынган. Судьялар кеңеши мурда көрсөтүлгөн судьяларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуштаманы колдоду.

«Азыркы учурда аталган судьяларга Кылмыш-жаза кодексинин 336 (Коррупция) жана 352-беренелеринде (Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу) каралган кылмыштарды жасоо боюнча айыбы угузулган. Ошондой эле, прокурор Д.М. карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыштарды жасаган деп айыбы угузулду. Биринчи май райондук сотунун чечими менен айыпталуучуларга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды. Демек, сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөр Айсулуунун жана башка жабырлануучулардын кайгылуу өлүмүнө түздөн-түз себеп болгон. Тергөө иштери уланууда»,- деп берилет ИИМдин маалыматында.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

115