7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кылмышкерди психбольницада калкалап отурган орун басар пара берип жатып кармалды

2

Мурда киши өлтүрүп, анын жазасынан оңой кутулуу үчүн психиатриялык оорукананын башчысына пара берип, жалган дарыланып жаткан 1985-жылы туулган А.Б.нын иши боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, А.Б. психиатриялык ооруканада өзүн “положенец” деп атап,  “общак” үчүн каражат чогултууну уюштуруп жүргөнү аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө психиатриялык мекеменин башкы дарыгеринин орун басары 1964-жылы туулган Э.Б. өзү жана жетектеген мекемеси үчүн кесепеттерден чочулап, текшерүүлөрдү токтотуп, кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн ыкчам кызматкерлерге 500 000 сом пара берүүгө аракет кылган.

Э.Б. акча каражаттарын накталай берүү учурунда ИИМдин КИББдин жана ИИКтин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинде (Пара берүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Кармалган жаранга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалган. Тергөө иштери жүрүп жатат.

3