7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-өзбек чек арасынан кимдер өтө алат? Ташиев жооп берди

1967

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы Бирдик айылынын эли менен жолугушуп, Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн мамлекеттик чек ара маселеси боюнча биргелешкен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берүүдө.

Маалыматка ылайык, Сох анклавында талашуу маселеси жок.

«Өзбек тарап сүйлөшүүлөрдүн негизинде Сох тарапка кайтпас өтүүчү постторун ачып ал жерден жөө адамдарды, жеңил унаа, 20 жүргүнчү бата турган микро автобусктарга уруксат берди. Жүк ташуучу унаалар өтпөйт. Ал жерде сууну берип койду, жолду берип койду, коридорду берип койду деген провакацияга эч кандай негиз жок. Болгону баары жөнөкөлөйлөтүлдү. Коридор деген сөздү сиздерге көп айтышты. Азыркы бийликке атайын жаман көрсөтүү үчүн маалымат жөнөткөндөргө ишенбегиле. Мен кантип эле мен делегациянын башында туруп бирөөгө жер берип калайын», — деди ал.

Ошондой эле, Ташиев Бүргөндүдөн өзбек тарапка газ кетип жатат деген маалыматка жооп берди.

«Буга чейин Бүргөндүдөн өзбек тарапка газ өтүп жатат деп бирөө видео тартып тараткан. Ошондо мен ал жака атайын облус башчысынын коштоосунда комиссия жөнөттүм. Барып текшерсе эч кандай андай нерсе жок экен. Андан кийин дагы Өзбекстан нефть алып чыгып кетип жатат деп ушул эле айылдын карыялары болсо керек, видео таратышты эле. Аны дагы барып текшеришти. Бирок ал жактан бир дагы майнап чыкпады. Провакацияга алдырбаңыздар!» , — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1968