7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

255

Бүгүн, 17-февралда, Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.

Кыргыз Маданиятында опол тоодой орду бар актриса катуу оорудан 16-февралга караган түнү каза болгон.

Жамал Сейдакматова 1939-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында туулган. Москвадагы полиграф институтунун 3-курсун бүтүрүп, 1959-жылы Кыргыз академиялык драма театрына актриса болуп кирген. Театрда иштеген көп жылдар аралыгында чет элдик, орус, кыргыз классикалык драмаларында башкы ролдорду аткарган. Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, Мелис Убукеев тарткан кинофильмдерде ролдорду аткарган.

Мамлекеттик Токтогул атындагы, эл аралык «Руханият» сыйлыктарынын ээси. Египет, Колумбия, Германия сыяктуу өлкөлөрдө өткөн эл аралык фестивалдарга катышкан. Бүткүл дүйнөдөгү түрк тилиндеги өлкөлөрдүн Башкортостанда өткөн эл аралык фестивалында Гран-прини жеңип алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

256