7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-казак чек арасында 600дөн ашык жүк ташуучу унаа кезекте турат

606

Бүгүн, 23-августка карата «Ак-Тилек-автожол» жана «Кең-Булуң-автожол» көзөмөл-өткөрүү жайларында топтолгон жүк ташуучу унаалардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Саат 13:00го карата “Ак-Тилек-автожол” өткөрүү жайында 493, “Кең-Булуң-автожол” өткөрүү жайында 146 автоунаа Кыргызстандан чыгуу үчүн кезек күтүп турат.

«Кечээки сутка ичинде Кыргызстандан Казакстанга 112 автоунаа чыккан. Кыргыз тараптан өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Чүй облусунда “Ак-Тилек-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайынын алдында жардам көрсөтүү жай катары чатырлар тигилген. Ал жактарда айдоочуларга жана жүк ташуучуларга медициналык, психологиялык жактан жардам жана кеңеш берилип, ысык тамак уюштурулган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

607