7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргыз кереметин» жаратуучуларынын бири Геннадий Базаровдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

624

Бүгүн, 7-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Эл артисти, 2-даражадагы “Манас” орденинин ээси, автордук кинонун негиздөөчүлөрүнүн бири, кинорежиссёр, сценарист Базаров Геннадий Садырович акыркы сапарга узатылды.

Коштошуу зыйнатына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият анын ичинен кино тармагынын өкүлдөрү, Геннадий Базаровдун жакындары жана күйөрмандары катышты.

Алар Геннадий Садырович өрнөктүү өмүрүн улуттук кино индустриясынын өнүгүшүнө арнап, кыргыз маданиятына ак ниет кызмат кылганын белгилешип, инсандык бейнесин, чыгармачылык жолун айтып өтүштү.

Алтынбек Максутов Геннадий Садырович Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунда окуп жүргөндө дипломдук ишин “Саманчынын жолу” толук метраждуу көркөм тасмасын жаратканда эле чыгармачылык дараметин, талантын көрсөткөнүн, ал кезде болгону 24 жашта экенин баса белгиледи.

Ошондой эле, анын өзгөчөлүгү — кеңири чыгармачылык диапазондо болгонун, ал таланттуу кинорежиссер, коюучу, сценарист, прозаик, теле алып баруучу гана эмес эң негизгиси ал мыкты насаатчы жана мыкты инсан болгонун эскерип, ал тасмаларында өзүнүн кеңири дүйнө таанымын, заманбап көз карашын сунуштап, көрүүчүлөрдү жаңыча ойлонууга багыттап турганын айтты.

Эске салсак, Геннадий Базаров кечээ, 6-февралда каза болгон, маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

625