7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз өкмөтү көмүрдү сыртка ташууга салынган тыюуну дагы алты айга узартты

150

Кыргызстандан көмүрдү сыртка чыгарууга салынган тыюуну дагы алты айга узартты. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, буга байланыштуу 3-декабрда атайын атайын токтом кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон документке ылайык, өлкөнүн көмүрүн машина менен (“Эркечтам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрмө бекеттерин кошпогондо) жарым жылдык мөөнөткө экспорттолбойт.

Өткөн айда өкмөт өлкөдө көмүрдүн кору былтыркыга караганда жетиштүү деп билдирген. Анда жалпы 720 база иштеп жатканын, 144ү “Кыргызкөмүр” ишканасы уюштурган социалдык база экенин, отундун негизги бөлүгү Кара-Кече кенинен алынарын маалымдаган .

151