7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз мамлекетине COVID-19га каршы вакцина келди

754

Кытайдан Кыргыз мамлекетине акысыз негизде COVID-19га каршы 150 миң доза «SinoPfarm» вакцинасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жардамды кабыл алуу аземине премьер-министр Улукбек Марипов катышты.

«COVID-19 пандемиясы көрсөткөндөй, бир дагы өлкө вируска каршы өз алдынча күрөшө албайт. Кыргыз өлкөсү коронавирус инфекциясына каршы жеке күч-аракети, ошондой эле эл аралык өнөктөштөрдүн көмөгүнө таянуу аркылуу күрөшүүдө. Кытай мамлекети өз жериндеги жөнөкөй эмес эпидемиологиялык абалга карабастан, кыргыз элине олуттуу гуманитардык көмөк көрсөтүүсүн улантууда», — деди Улукбек Марипов.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы Кытайдын ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь гуманитардык көмөк көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кытай тараптын кыргыз тарапка вакцинаны акысыз негизде берүү тууралуу чечими эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди билдирет жана кыргыз-кытай мамилелеринин жана стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Вакциналар кыргыз тарапка эпидемияга каршы күрөшүүдө жана кыргыз элинин ден соолугун жана өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоого жардам берет деп ишенем», — деди элчи.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

755