Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, Мисирдин Президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен Каир шаарында кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Кыргыз-Мисир кызматташтыгынын негизги багыттары, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, экономикалык өз ара аракеттенүү, инвестициялар жана эки жактуу кызыкчылыкты туудурган башка маселелер талкууланды.
Эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу мамилелердин оң динамикасына ыраазычылык билдиришип, аларга жаңы импульс берүүгө даяр экендиктерин баса белгилешти.
Президент Абдель Фаттах Ас-Сиси Президент Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, Мисир Кыргызстан менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө зор маани берээрин белгиледи.
Ал Мисир тараптын саясий диалогду чыңдоого жана бардык өз ара пайдалуу багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын баса белгиледи.
Мисирдин Президенти кыргыз лидеринин сапары эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктө маанилүү кадам болуп, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн бекем негиз түзөрүнө ишеним билдирди.
Өз кезегинде Садыр Жапаров эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстандын бир дагы мамлекет башчысы Африка континентине иш сапары менен келген эместигин белгиледи.
Садыр Жапаров Мисирдин Жакынкы Чыгыш аймагындагы жана Африка континентиндеги конструктивдүү ролун жогору баалады.
Ошондой эле, эки өлкөнүн ортосундагы достукту бекемдөө жана байланыштарды өнүктүрүү максатында Каир шаарында Кыргыз Республикасынын Элчилигин ачуу чечими кабыл алынганын билдирди.
Кыргызстан менен Мисирдин ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга кол коюлат, ошондой эле Өкмөттөр аралык комиссияны түзүү чечими кабыл алынды. Садыр Жапаров анын биринчи отурумун Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.
Өз кезегинде Мисирдин Президенти бул демилгени колдоду.
Садыр Жапаров эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУнун, Ислам кызматташтык уюмунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында активдүү өз ара аракеттенүүсүн белгиледи.
Садыр Жапаров Абдель Фаттах Ас-Сисини Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө жана 2026-жылдын күзүндө Бишкекте өтө турган ШКУнун саммитине, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларга катышууга чакырды.
Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Мисирдин ортосунда өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар экенин ырасташты.



