7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз наркында, ажырашып келген деп кемсинтип, кемите атабай, «жоолукчан кызыбыз» деп көтөрө айтышкан

336

«Жоолукчан кыз». Сүйүнбек Касмамбетовдун Нарк куржунунан.

Кыз кабары, каадасы менен келген үркөр топ жигиттер өргөөнүн ичин шаңга бөлөдү. Кайын журтка кадыры өтүп, калың бычкан эрезеге жетип калган Айдеми жеңе кайын сиңдилеринин серпилген селкинчектеги жүрүмүн, кыл жатпас кымбаттуу турумун айтып аяктап, сөзүн улады, «Бизде, никеси жанган, согончогу канабаган, эмдигиче сонуну да тарабаган жоолукчан кызыбыз бар» – деди жылмая.

«Аруу жандын амандыгын, эл – жердин эсендигин тилейбиз жеңе, үйүбүзгө үйөрлөп береке келе берсин!» – деген изги бата айтылып, жигиттер жолго чыгышты. Жолдо топтун кенжеси жигит башыга кайрылып, жоолукчан кыз тууралуу суроо салды.

Кыргыз Наркында күйөөсү өлгөн (жесир) же күйөөдөн чыккан, ажырашып келген деп кемсинтип, кемите атабай, арийне жолун ачып «жоолукчан кызыбыз» деп, жогору көтөрө кепке кошуп айтылган.

Баарын байкап, баралга келтирген нарктуу журтум!

337