7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасы. Такталбаган аймактын чыры чечилди

309

УКМКнын Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү 2021-жылдын 19-февралы Баткен облусунун Лейлек районунун Кайрагач жерлигинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын такталбаган аймагында май куюучу жайдын курулушу боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөндүгүн маалымдайт.

Кыргызстандын жараны мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгына жакын жерде Кулунду-Кайрагач трассасынын аймагына май куюучу жайдын курулушун баштаган. Тажик тарап чек аранын бул аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө макул эместигин билдиришкен. Эки тараптын сүйлөшүүлөрүнө чектешкен райондун жетекчилери жана тараптардын кадастр органдарынын өкүлдөрү катышты. Курулуш иштери токтотулду. Аталган трассада Кыргызстандын жана Тажикстандын 50дөй жарандары топтолушту жана аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

310